Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
КЕЗЕКСИЗ IV–СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-февралындагы №10
Балыкчы шаарындагы “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ысык-Көл кемечилиги” филиалынын №1 жана №2 портунун имаратын жер тилкеси менен Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине мамлекеттик мүлктү кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-,39-б. жетекчиликке алып, Балыкчы шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 28-январындагы №01-13/651 кайрылуусун жана курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаары, Озерная көчөсү №221 дарегинде жайгашкан, “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ысык-Көл кемечилиги” филиалынын №1 идентификациялык коду:2-07-02-0030-0097 кыймылсыз мүлкүнүн имараттары жана 16170 чарчы метр жер тилкеси менен жана №2 Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү №303 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 2-07-05-0041-0062 кыймылсыз мүлкүнүн имараттары жана 45641чарчы метр жер тилкеси менен Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине белгиленген жылдар аралыгындагы дебитордук жана кредитордук карыздарды жоюу иш чараларын аткаруу менен өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаардык Кеңешинин 27-август 2024-жылдагы Балыкчы шаарындагы “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ысык-Көл кемечилиги” филиалынын №1 жана №2 портторун Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө № 6 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына:
- аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
4. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
1. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэринин орун басары А.Тукуновго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев