Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
КЕЗЕКСИЗ IV–СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-февралындагы №11
“Балыкчы шаарындагы “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ысык-Көл кемечилиги” филиалынын слип курууга багытталган жер тилкесин Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине мамлекеттик мүлктү кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине жетекчиликке алып, Балыкчы шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 12-февралындагы №01-13/1040 кайрылуусун жана курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Балыкчы шаарындагы “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ысык-Көл кемечилиги” филиалынын 12715,0 чарчы метр жер аянтын, идентификациялык коду:2-07-02-0049-0177 багытталган жер тилкесин Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине белгиленген жылдар аралыгындагы дебитордук жана кредитордук карыздарды жоюу иш чараларын аткаруу менен өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына:
-аталган объектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
1. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэринин орун басары А.Тукуновго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев