Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
КЕЗЕКСИЗ IV–СЕССИЯСЫ
2025-жылдын – 14- февралындагы №12
Үлүштүк ( дем берүүчү) гранттардын эсебинен кош каржылоого карата сунушталынган өздүк салымдар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21 апрелиндеги №230 токтомуна жана “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана долбоорлорду даярдоо менен ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, долбоорлордун негизинде сунушталынган өздүк салым жөнүндө Балыкчы шаар мэриясынын 07.02.2025-ж. № 01-13/914 кайрылуусуна жана шаардык Кеңештин бюджет, экономика, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Үлүштүк ( дем берүүчү) гранттардын эсебинен кош каржылоого карата сунушталган каражаттын көлөмү 5869,0миң сом акча каражаты кошумча каржылоо боюнча өздүк салымы 2025-жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен №1 тиркемеге ылайык каралсын.
2. Бекитилген долбоорлордун үлүштүк (дем берүүчү) грантка пайыздык өздүк салым боюнча тиешелүү талаптарга ылайык кийинки уюштуруу иш чаралары КР финансы Министрлигинин Балыкчы финансы башкармалыгынын начальниги – К.Ш. Кожомбердиевге, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы- Э.Сыдыковго тапшырылсын.
3. Үлүштүк грантка сунушталган долбоорлор Балыкчы шаарынын стратегиялык өнүгүү планына киргизүү тапшырылсын.
4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын
5. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну Балыкчы шаарынын мэри Арнабек у.Азаматка жана экономика, бюджет жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев