Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2025-жылдын 27 февралындагы № 8
Жер тилкесин трансформациялоого
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, 2025-жылдын 06-февралындагы №01-14-492 Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын Алтын-Арашан айыл аймагындагы, Октябрь айылындагы №382-контурундагы 0,60 га айыл чарба категориясындагы жайыт жер тилкесин ошол эле категориядагы курулуш алдындагы жерлер түрүнө которуп берүү боюнча кайрылуу катын карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1. Октябрь айылынын №382-контурундагы 0,60 га айыл чарба категориясындагы жайыт жер тилкесин ошол эле категориядагы курулуш алдындагы жерлер түрүнө багытын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берет.
2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев