Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2025-жылдын 27 февралындагы № 9
Жер тилкесин бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, ЖЧК “Рамиз Групп” жетекчиси Э.К Мусабаев таш талкалоочу “Дробилка” заводун курганга жана башка иштерди жүргүзүүгө 0,60га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча, кайрылуусун карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергилктүү Кеӊеш токтом кылат:
1. ЖЧК “Рамиз Групп” ишканасына, “Дробилка” заводун курганга жана башка иштерди жүргүзүүгө 0,60га га жер тилкесин берүүгө макулдук берет.
2. Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев