Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2025-жылдын 27 февралындагы № 10
Жер тилкесин бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Бөрү-Баш айылынын тургуну Турдукулов Азамат Турсунбаевичтин, Бөрү-Баш айылындагы №1008 контурундагы 0,20 га пайдаланылбаган башка жерлер тилкесин кашар салууга жана мал чарбасын өнүктүрү багытында иштетүүгө жер тилкесин берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1.Бөрү-Баш айылынын тургуну, Турдукулов Азамат Турсунбаевич Бөрү-Баш айылындагы №1008 контурундагы 0,20 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берет.
2. Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев