Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-декабры №17/II
Мамлекеттик айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин
ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө» типтүү жобонун 22-пунктуна ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
- Абакиров Ранат Канатович – айыл ɵкмɵтүнүн башчысы;
- Зия Ислам Адылханович – депутат;
- Каныбек уулу Чынгыз – депутат;
- Толбашиев Санжар Тынчтыкбекович – депутат;
- Курманалиев Аманбек Дуйшонгазиевич Ысык-Ата райондук агрардык ɵнүктүрүү башкармалыгынын ɵкүлү;
- Ма-Абла Расул Жумаевич –коомчулуктун мүчɵсү;
- Кожомкулов Рамиль Турдубекович - коомчулуктун мүчɵсү.
2. Жер комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде өз ишин алып барсын.
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |