Редакцияот 12.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 12-марты № 2886-VII

“2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея

Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2025-жылдан тартып

2029-жылга чейинки мезгилге Экономикалык өнүктүрүү жаатында

кызматташуу фондунан (EDCF) кредиттер жөнүндө алкактык

макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы демилгелеген (2025-жылдын 25-январындагы чыг. № 25-746) “2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2025-жылдан тартып 2029-жылга чейинки мезгилге Экономикалык өнүктүрүү жаатында кызматташуу фондунан (EDCF) кредиттер жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрага

Н. Тургунбек уулу