Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-марты № 2887-VII
“2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы
“Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны
өнүктүрүү программасы – Кошумча каржылоо” долбоору боюнча
кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия
өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Нарын облусунда айылды суу
менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы –
Кошумча каржылоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну
ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы демилгелеген (2025-жылдын 4-февралындагы чыг. № 18-1127) “2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы – Кошумча каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы – Кошумча каржылоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Н. Тургунбек уулу |