Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы №20/III
Нурманбет айыл аймагынын 2025-жылга карата социалдык –
экономикалык ɵнүгүү планын бекитүү жɵнүндɵ
Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Р.К.Абакиров «Нурманбет айыл аймагынын 2025-жылга карата социалдык-экономикалык ɵнүгүү планын бекитүү жɵнүндɵ» маалыматын карап жана талкуулап тɵмɵнкү иштер аткарылуусу белгиленди. Айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги экономикалык ɵнүгүүсүн турмушка ашыруу максатында жергиликтүү бюджет, инвестиция, гранттар, демɵɵрчүлɵр тарабынан иш жүргүзɵɵрү белгиленди, тактап айтканда инфраструктураны жакшыртуу маселеси карап чыгуу боюнча талаптар коюлду. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78 -беренесинин негизинде жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. «Нурманбет айыл аймагынын 2025-жылга карата социалдык-экономикалык ɵнүгүү планы» тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Нурманбет айылдык кенешинин бюджеттик жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн.
Төрага | Н. С. Бекбоева |