Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2025-жылдын 27 февралындагы № 12
Жер тилкесин трансформациялоого
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Бөрү-Баш айылынын Баканов №46 дарегинде жайгашкан Бөрү-Баш үрөнчүлүк чарбасынын пилорамасын сатып алган, аянты 0.44 га жер тилкесинин өндүрүш багытынан жерди, турак жай куруу үчүн категориясын которуп берүү боюнча кайрылуусун карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1.Алтын-Арашан айыл аймагынын Бөрү-Баш айылындагы Баканов №46 дарегиндеги Бөрү-Баш үрөнчүлүк чарбасынын пилорамасынын 0.44 га жер тилкесин өндүрүш багытынан, турак жай куруу үчүн багытына өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берет.
2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев