Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2025-жылдын 27 февралындагы № 14
Жер тилкесин трансформациялоого
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Алтын-Арашан айыл аймагынын Кара-Жал айылындагы №145-контурундагы 0,10га жайгашкан жайыт жер тилкесин айыл чарба багытынан курулуш куруу багытына өзгөртүп берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1. Кара-Жал айылындагы №145-контурундагы 0,10га жайыт жер тилкесин багытын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берет.
2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев