Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2025-жылдын 27 февралындагы № 27
Жер тилкесин трансформациялоого
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Сары-Жаз ороонундогу Эчкили-Таш жайлоосундагы №2 контурунан 0,20га жайыт жеринен, жеӊил конструкциядан мал сарай жана чабан үйү менен орнотуу багытына өзгөртүүгө (трансформациялоого) боюнча сунушту карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1. Сары-Жаз өрөөнүндөгү Эчкили-Таш жайлоосундагы №2 контурунан 0,20га жайыт жеринен, жеӊил конструкциядан мал сарай жана чабан үйү менен орнотуу багытына өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берет.
2.Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев