Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2025-жылдын 27 февралындагы № 30
Жер тилкесин трансформациялоого
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовдун, 2025-жылдын 18-февралындагы № 01-06/269 сандуу кайрылуу катында көрсөтүлгөндөй, Октябрь айылынын №369-контурундагы 5,20га айыл чарба багытындагы таштак жайыт жерин жана №370-контурундагы 2,80га айыл чарба багытындагы жайыт жер тилкелерин башка жерлер багытына өзгөртүп берүү боюнча кайрылуусун карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1.Октябрь айылынын №369-контурундагы 5,20га айыл чарба багытындагы таштак жайыт жерин жана №370-контурундагы 2,80га айыл чарба багытындагы жайыт жер тилкелерин, башка жерлер багытына өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берет.
2.Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев