Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 2024-жылдын 25-декабрындагы       №29-2/1          

 

Кыймылсыз мʏлкʏ жана обьектилери менен автобекетти Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 13-декабрындагы чыг:№01-17-654 катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Каракол шаардык Кенешинин XXIX  чакырылышынын II сессиясы

                                                             токтом кылат:

  1. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын Манас №149 (Пржевальск) дарегинде жайгашкан, Ысык-Кѳл областык автобекетин кыймылсыз мʏлкʏ жана обьектилери менен, Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин балансына кабыл алууга макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

  1. Токтом ММКларга  жарыялансын.

 

  1. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.

 

 

 

 

    Тѳрага                                                                                        А.А.Сапарбеков