КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-декабрындагы №29-2/5
«Каракол шаарынын №9 Доскулу уулу Сарт Аке атындагы жалпы билим берʏʏ мектебинин имаратынын биринчи кабатынын ички бѳлʏгʏн капиталдык ремонттоо жана территориясын кѳрктѳндʏрʏʏ» долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын бѳлʏп берʏʏнʏ, Каракол шаарынын 2025-жылдын бюджетинин долбооруна киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын вице мэри Г.Ж.Орозованын, 2024-жылдын 23-декабрындагы чыг:№130 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын II сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекова, 5 693 494 (беш миллион алты жʏз токсон ʏч миң тѳрт жʏз токсон тѳрт) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын, «Каракол шаарынын Доскулу уулу Сарт Аке атындагы №9 жалпы билим берʏʏ мектебинин имаратынын биринчи кабатынын ички бѳлʏгʏн капиталдык ремонттоо жана территориясын кѳрктѳндʏрʏʏ» долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын бѳлʏп берʏʏнʏ, Каракол шаарынын 2025-жылдын бюджетинин долбооруна киргизсин.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу, Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.