Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 14-марты № 56
Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1 бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 65-статьянын 1-пунктунда "Спирт ичимдиктерин же баңгилик каражаттарды" деген сөздөр "Спирт ичимдиктерин, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 192-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында "спирт ичимдиктерин ичүүнүн же баңгилик заттарды" деген сөздөр "спирт ичимдиктерин ичүүнүн, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине" ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 97-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"97-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган тирүү организмдерди жок кылуу боюнча чараларды көрбөө же аларды мыйзамсыз иштеп чыгуу жана көп эмес өлчөмдө өстүрүү
Бир же бир нече баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган жапайы өскөн (жашаган) тирүү организмдерди жок кылуу боюнча чараларды көрбөө же аларды мыйзамсыз иштеп чыгуу жана көп эмес өлчөмдө өстүрүү -
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Ушул берененин максаттары үчүн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган тирүү организмдердин тизмелери жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
2) 98-беренеде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "98-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүү эрежелерин бузуу";
б) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "прекурсорлорун" деген сөздөн кийин ", ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 99-беренеде:
а) аталышы "аларга окшош түрлөрүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди" деген сөздөр менен толукталсын;
б) биринчи абзац "аларга окшош түрлөрүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 100-беренеде:
а) аталышы "аларга окшош түрлөрүн" деген сөздөрдөн кийин "жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди" деген сөздөр менен толукталсын;
б) биринчи абзац "аларга окшош түрлөрүн" деген сөздөрдөн кийин "жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 101-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 14-глава төмөнкүдөй мазмундагы 101-1-берене менен толукталсын:
"101-1-берене. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү
Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды, же болбосо аларды даярдоо же кайра иштетүү үчүн жабдууларды мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү көп эмес өлчөмдө сатуу максатын көздөбөстөн жасалса -
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 30 саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.
Эскертүү. Баңгизат каражаттарынын, адамдын организмине психоактивдүү таасир этүүчү психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун тизмелерине кирбеген, же болбосо күчтүү таасир этүүчү заттардын тизмелерине кирген психоактивдүү заттардын таасирин күчөтүүчү психоактивдүү заттар күчтүү таасир этүүчү заттар деп түшүнүлөт.
Ушул Кодекстин беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн маанилүү болгон заттарды күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарга кошуу критерийлери, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттардын тизмелери, ошондой эле алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.".
7) 454-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту "96," деген цифралардан кийин "101-1." деген цифралар менен толукталсын;
8) 456-берене "101," деген цифралардан кийин "101-1." деген цифралар менен толукталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 282-берененин эскертүүсүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул беренеде, ошондой эле 283, 284 жана 288-беренелерде каралган кылмышты жасаган, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди өз ыктыяры менен тапшырган жана баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлордун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланышкан кылмыштардын ачылышына же бөгөт коюлушуна, аларды жасаган адамдардын кылмыш иштеринин ачылышына же кылмыш жолу менен олжолонгон мүлктүн табылышына активдүү көмөк көрсөткөн адам ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.";
2) 285-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "прекурсорлорду" деген сөздөн кийин ", ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 287-беренеде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "287-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды колдонууга көндүрүү, ошого тете эле аларды колдонууга ачык чакыруу, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды жарнама кылуу";
б) 1-бөлүктүн биринчи абзацында "колдонууга көндүрүү" деген сөздөр ", алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды колдонууга көндүрүү, ага тете аларды колдонууга ачык чакыруу жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды жарнама кылуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 288-беренеде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "288-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду камтыган тирүү организмдерди мыйзамсыз жүгүртүү";
б) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бир же бир нече баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган тирүү организмдерди ири өлчөмдө же алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз иштеп чыгуу жана өстүрүү, -";
в) эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. Ушул берененин максаттары үчүн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду камтыган тирүү организмдердин тизмелери жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
5) 291-беренеде:
а) аталышында "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун" деген сөздөр "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же күчтүү таасир этүүчү заттарды камтыган, рецепт менен берилүүчү дары каражаттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) биринчи абзацта "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун" деген сөздөр "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же күчтүү таасир этүүчү заттарды камтыган, рецепт менен берилүүчү дары каражаттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) экинчи абзацта "500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин" деген сөздөр "1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 292-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "каражаттары" деген сөздөн кийин ", алардын аналогдору жана прекурсорлору" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 37-глава төмөнкүдөй мазмундагы 292-1-берене менен толукталсын:
"292-1-берене. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз жүгүртүү
1. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттардын же болбосо аларды даярдоо же кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатуу максатын көздөбөстөн ири өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же болбосо алты айдан бир жылга чейин эркиндигин чектөө менен, же болбосо кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартуу менен жазаланат.
2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар -
эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Күчтүү таасир этүүчү заттар деп баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун тизмелерине кирбеген, адамдын организмине психоактивдүү таасир этүүчү же болбосо күчтүү таасир этүүчү заттардын тизмелерине кирген психоактивдүү заттардын таасирин күчөтүүчү психоактивдүү заттар түшүнүлөт.
Ушул Кодекстин беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн маанилүү болгон заттарды күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарга кошуу критерийлери, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттардын тизмелери, ошондой эле алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
8) 293-берененин аталышында "мыйзамсыз жүгүртүү" деген сөздөр "мыйзамдуу жүгүртүү эрежелерин бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 312-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында "баңги каражаттарды" деген сөздөр "күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
87-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган күчтүү таасир этүүчү заттардын, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлордун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организимдердин, же баңги каражаттарын же психотроптук заттарды же болбосо алардын прекурсорлорун камтыган алардын бөлүктөрүнүн, ошондой эле узакка сактоо адамдардын өмүрү жана ден соолугу же айлана-чөйрө үчүн коркунучтуу буюмдарга зарыл изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин, аларды технологиялык кайра иштетүү үчүн өткөрүп берилет же соттун чечими боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жок кылынат, бул жөнүндө ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт. Иштин материалдарына салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү болгон, мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган күчтүү таасир этүүчү заттар, баңги каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору, ошондой эле аларды камтыган тирүү организимдердин бөлүктөрүнүн үлгүсү тиркелет;".
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 6-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |