Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 7-марты № 223
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медициналык кызмат көрсөтүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2 пунктунун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген, медициналык кызматтарды көрсөтүү жаатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) бул буйруктун 1-тиркемесине ылайык Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдө реабилитациялык медициналык жардам көрсөтүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, 2-глава, 15-пункт;
2) бул буйруктун 2-тиркемесине ылайык Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөн тышкары реабилитациялык медициналык жардам көрсөтүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 2-главасы, 16-пункт;
3) бул буйруктун 3-тиркемесине ылайык Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдө стоматологиялык амбулатордук жардам көрсөтүү- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, 2-глава, 17-пункт;
4) бул буйруктун 4-тиркемесине ылайык Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөн ашыкча стоматологиялык жардамды көрсөтүү, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 2-главасы, 18-пункт.
2. Бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде МЖУжанаДСБнын жетекчиси (Ибраева Н.С.):
1) анын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) буйруктун кагаз жана электрондук көчүрмөлөрүн алып жүрүүчүлөргө аталган ченемдик укуктук актыны жарыялоо булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары К.К. Байдавлетовго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| Э.М. Чечейбаев |
|
| 2025-ж.______ № ___ КР ССМ буйругуна 1- тиркеме |
2-глава. Медициналык кызматтар | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдө реабилитациялык медициналык жардам көрсөтүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, 2-глава, 15-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган): - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илимий-изилдөө институту; - "улуттук" статусу бар медициналык борборлор, илимий-изилдөө институттары, облустук бириккен ооруканалар, аймактык ооруканалар, үй-бүлөлүк медицина борборлору. Саламаттык сактоонун аймактык уюмдарынын тизмеси байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын тизмеси Саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайтында: www.med.kg берилген. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | -Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө»; - «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө»; - «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө»; - «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө». Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрынын №493 «Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө» токтому. |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн: - сунуштар жана текшерүү, дарылоо маалыматтары менен бейтап баянынан көчүрмө; - бекитилген формадагы маалымкат; - убактылуу эмгекке жарамсыздык барагы; - башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо (көрсөтмөлөр боюнча). |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; - жандуу кезек принциби боюнча; - “Түндүк” мобилдик тиркемеси же Sanarip Clinic маалымат системасы (https://mis.med.kg) аркылуу дарыгерге онлайн кабыл алуу аркылуу. Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде кызмат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Күтүү убактысы - 30 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүү убактысы - оорунун катуулугуна жараша жекече. Жыйынтыгын берүүгө убакыт - 1 саатка чейин (убакыт бейтап баянынан көчүрмө, маалымкатты, убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын, башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомону жазууга, анализ берүүгө эсептелген). Бейтаптарды клиникалык бөлүмдөргө жаткыруу белгиленген кезек тартибинде алдын ала жазылуу боюнча кабыл алуу-кеңеш берүү бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg.); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg.); - маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иш графги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат. |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Саламаттык сактоо уюмуна биринчи жолу кайрылганда керектөөчү катталуу жол-жобосунан өтүшү керек, ал үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтөт: - ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу маалымкат же ушул эле документ санариптик форматтагы “Түндүк” мобилдүү тиркемеси аркылуу); - Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык жеңилдиктерге укуктарын далилдеген документтерди. Кызмат алуу үчүн төмөнкүлөр керек: - тиешелүү адис боюнча маалымат алуу үчүн каттоочу жайга кайрылуу; - тиешелүү адиске лабораториялык-диагностикалык изилдөөгө жолдомону көрсөтүү. Кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан арыз ээси жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн салаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат Тундук мобилдик тиркемеси (portal.tunduk.kg) же Sanarip Clinic маалымат системасы (https://mis.med.kg) аркылуу дарыгердин кабыл алуусуна онлайн жазылуу кызматын алуу үчүн суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде. |
17 | Даттануу тартиби | Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги. телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмунун жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Башка саламаттык сактоо уюмдарына кайрылуу зарыл болгон учурларда, кайрылуу боюнча акыркы жоопту берүү мөөнөтү керектөөчүгө алдын ала кабарлоо менен 30 күнгө чейин узартылат. Даттануу боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда керектөөчү жаран Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык анын аракеттерине даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш. |
|
| 2025-ж.______ № ___ КР ССМ буйругуна 2- тиркеме |
2-глава. Медициналык кызматтар | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөн тышкары реабилитациялык медициналык жардам көрсөтүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 2-главасы, 16-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илимий-изилдөө институту; - "улуттук" статусу бар медициналык борборлор, илимий-изилдөө институттары, облустук бириккен ооруканалар, аймактык ооруканалар, үй-бүлөлүк медицина борборлору. Саламаттык сактоонун аймактык уюмдарынын тизмеси байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын тизмеси Саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайтында: www.med.kg берилген. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | -Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө»; - «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө»; - «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө»; - «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө». Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрынын №600 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» программасы жөнүндө» токтому. |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөөсү же бир нечеси болушу мүмкүн: - сунуштар, дарылоо жана текшерүүнүн маалыматтары менен бейтап баянынан көчүрмө; - бекитилген формадагы маалымкат; - убактылуу эмгекке жарамсыздык барагы; - башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо (көрсөтмөлөр боюнча). |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; - жандуу кезек принциби боюнча; - “Түндүк” мобилдик тиркемеси же Sanarip Clinic маалымат системасы (https://mis.med.kg) аркылуу дарыгерге онлайн кабыл алуу аркылуу. Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде кызмат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Күтүү убактысы - 30 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүү убактысы - оорунун катуулугуна жараша жекече. Жыйынтыгын берүүгө убакыт - 1 саатка чейин (убакыт бейтап баянынан көчүрмө, маалымкатты, убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын, башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомону жазууга, анализ берүүгө эсептелген). |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg.); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg.); - маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иш графги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат. |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Керектөөчү кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: - ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу маалымкат же ушул эле документ санариптик форматтагы “Түндүк” мобилдүү тиркемеси аркылуу). - саламаттык сактоо уюмунун кассасына же төлөм системалары аркылуу, мисалы, Mbank, Pay 24, Айыл Банк ж.б., медициналык кызмат көрсөтүүнүн баасын төлөө, төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны алуу. Кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан арыз ээси жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын буйругу менен монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары прейскурантында чагылдырылат, ал Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында www.med.kg жана маалымат такталарында жайгаштырылат. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн салаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат Тундук мобилдик тиркемеси (portal.tunduk.kg) же Sanarip Clinic маалымат системасы (https://mis.med.kg) аркылуу дарыгердин кабыл алуусуна онлайн жазылуу кызматын алуу үчүн суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде. |
17 | Даттануу тартиби | Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмунун жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Башка саламаттык сактоо уюмдарына кайрылуу зарыл болгон учурларда, кайрылуу боюнча акыркы жоопту берүү мөөнөтү керектөөчүгө алдын ала кабарлоо менен 30 күнгө чейин узартылат. Даттануу боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда керектөөчү жаран Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык анын аракеттерине даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш. |
|
| 2025-ж.______ № ___ КР ССМ буйругуна 3- тиркеме |
2-глава. Медициналык кызматтар | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдө стоматологиялык амбулатордук жардам көрсөтүү- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, 2-глава, 17-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган): саламаттык сактоонун бардык стоматологиялык уюмдары. Саламаттык сактоонун аймактык уюмдарынын тизмеси байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын тизмеси Саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайтында: www.med.kg берилген. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | -Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө»; - «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө»; - «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө»; - «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө». Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрынын №493 «Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө» токтому. |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн: - тиштин анатомиялык формасын калыбына келтирүү жана тиштерди оңдоо; - чайноо функциясын жана эстетиканы калыбына келтирүү; - толук санация, шашылыш жардам жана кесиптик кароо; - кеңеш берүү жана сунуштар. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; - жандуу кезек принциби боюнча; - “Түндүк” мобилдик тиркемеси же Sanarip Clinic маалымат системасы (https://mis.med.kg) аркылуу дарыгерге онлайн кабыл алуу аркылуу. Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. Жаак-бет тарапта катуу оору, ириңдүү-сезгенүү процесстери жана жаракат бар, тез жардамга муктаж бейтаптар кезексиз тейленет. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде кызмат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнүн убактысы - 30 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү - оорунун оордугуна жараша. |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg.); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg.); - маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иш графги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат. |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Стоматологиялык саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат алуу үчүн төмөнкүлөр керек: - ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу маалымкат же ушул эле документ санариптик форматтагы “Түндүк” мобилдүү тиркемеси аркылуу); - Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык жеңилдиктерге укуктарын далилдеген документтерди; - стоматологиялык бейтаптын амбулатордук картасын алуу. Кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан арыз ээси жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн салаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат Тундук мобилдик тиркемеси (portal.tunduk.kg) же Sanarip Clinic маалымат системасы (https://mis.med.kg) аркылуу дарыгердин кабыл алуусуна онлайн жазылуу кызматын алуу үчүн суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде; - алкоголго жана баңгизатка мас абалда келгенде; - адамдын шайкеш эмес жүрүм-туруму жана коомдук тартипти бузганда. |
17 | Даттануу тартиби | Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги. телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмунун жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Башка саламаттык сактоо уюмдарына кайрылуу зарыл болгон учурларда, кайрылуу боюнча акыркы жоопту берүү мөөнөтү керектөөчүгө алдын ала кабарлоо менен 30 күнгө чейин узартылат. Даттануу боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда керектөөчү жаран Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык анын аракеттерине даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш. |
|
| 2025-ж.______ № ___ КР ССМ буйругуна 4-тиркеме |
2-глава. Медициналык кызматтар | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөн ашыкча стоматологиялык жардамды көрсөтүү, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 2-главасы, 18-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); саламаттык сактоонун бардык стоматологиялык уюмдары. Саламаттык сактоонун аймактык уюмдарынын тизмеси байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын тизмеси Саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайтында: www.med.kg берилген. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | -Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө»; - «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө»; - «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө»; - «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө». |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөөсү же бир нечеси болушу мүмкүн: - тиштин анатомиялык формасын калыбына келтирүү жана тиштерди оңдоо; - чайноо функциясын жана эстетиканы калыбына келтирүү; - толук санация, шашылыш жардам жана кесиптик кароо; - кеңеш берүү жана сунуштар. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; - жандуу кезек принциби боюнча; - “Түндүк” мобилдик тиркемеси же Sanarip Clinic маалымат системасы (https://mis.med.kg) аркылуу дарыгерге онлайн кабыл алуу аркылуу. Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. Жаак-бет тарапта катуу оору, ириңдүү-сезгенүү процесстери жана жаракат бар, тез жардамга муктаж бейтаптар кезексиз тейленет. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде кызмат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнүн убактысы - 30 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү - 20 мүнөт жана оорунун оордугуна жараша андан узак |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg.); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg.); - маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иш графги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат. |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Керектөөчү кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: - ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу маалымкат же ушул эле документ санариптик форматтагы “Түндүк” мобилдүү тиркемеси аркылуу). - саламаттык сактоо уюмунун кассасына же төлөм системалары аркылуу, мисалы, Mbank, Pay 24, Айыл Банк ж.б., медициналык кызмат көрсөтүүнүн баасын төлөө, төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны алуу. Кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан арыз ээси жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын буйругу менен монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары прейскурантында чагылдырылат, ал Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында www.med.kg жана маалымат такталарында жайгаштырылат. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн салаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат Тундук мобилдик тиркемеси (portal.tunduk.kg) же Sanarip Clinic маалымат системасы (https://mis.med.kg) аркылуу дарыгердин кабыл алуусуна онлайн жазылуу кызматын алуу үчүн суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде; - алкоголго жана баңгизатка мас абалда келгенде. |