Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КAPAШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 14-августу № 697
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту тарабынан калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12-июнунун 2024-жылындагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, анын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине ведомстволук уюм тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому тапшырылгандыктан,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тиркелген стандарттары бекитилсин.
2. Бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 166 токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
Эскертебиз;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 14-августундагы № 697 буйругунун кыргыз тилиндеги текстинин 2-пунктундагы текст расмий тилиндеги тексти менен дал келбейт.
3. И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун директоруна:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
2) күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин;
3) бул буйруктун 1-пунктунда бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жетекчиликке алуу жана сактоо;
4) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын мындан ары жогорулатуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн;
5) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын веб-сайттарга жана маалыматтык стенддерге жайгаштыруу.
4. Аталган мамлекеттик кызматтарды талаптагыдай көрсөтүү үчүн жоопкерчилик И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун директоруна жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарына жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин убактылуу аткаруучу |
| Д.К. Бостонов |
1-тиркеме |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Авиация персоналын баштапкы даярдоодон өткөрүү, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кошумча кесиптик билим берүү - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеси) 1-главасы, 109-пункту |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | "Жарандык авиация чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана башкарууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган)". И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту (мындан ары - Институт) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жогорку, жалпы орто же орто кесиптик билимге ээ болгон Кыргыз Республикасынын аймагына туруктуу же убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкө жарандары жана жарандыгы жок адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору: (*)ишмердигин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү тууралуу" 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому; "Кыргыз Республикасында акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына бааларды белгилөө жана колдонуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" 2009-жылдын 18-майындагы № 300 токтому; "Кыргыз Республикасынын "авиа отун менен камсыздоо" авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө " 2016-жылдын 27-сентябры, № 514; "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмеси) бекитүү тууралуу" 2024-жылдын 12-июня № 304 токтому; "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ишмердигин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү тууралуу" 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому; "Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ишмердигин жөнгө салуучу актыларды бекитүү тууралуу" 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 токтому; Окуу жайларга өтүү үчүн 1996-жылдын 29-мартындагы Экономика жана гуманитария жаатында интеграцияны тереңдетүү тууралуу келишимге мүчө-мамлекеттердин жарандарына бирдей укуктарды берүү жөнүндө 1998-жылдын 24-ноябрындагы макулдашуу |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы натыйжасы | Окууну аяктагандыгы тууралуу сертификат. Эгерде талапкер тиешелүү аба кемеси тибиндеги техниканы билүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтсө. Эгерде талапкер аба кемесинин тиешелүү тибинде, машыкканга чейин талапка жооп берген контролдоо тажрыйбаларын алып төмөнкү компетенцияларга ээ болсо Окууну аяктагандыгы тууралуу сертификат берилет: - учуунун кадимки схемаларын жана учуунун бардык баскычында манёвр (ыкчамдыкты көрсөтүү) жасай билсе; - жабдуунун иштен чыгуу жана иштөөдөн баш тартуусу менен байланышкан өзгөчө жана авариялык жагдайларды билсе, мисалы күч түзүлүштөрүн, системаларды жана планерду; - зарылдыгына жараша конууга киришүү, экинчи айланууну аткаруу, кадимки, өзгөчө жана авария шартында учууну, ошондой эле кыймылдаткыч иштебей калган учурларды кошуу менен приборлор боюнча учууларды аткаруу; - экипаж иштөө жөндөмдүүлүгүн жоготкон учурда иш алып баруунун тартибин жана учуу боюнча милдеттерди бөлүштүрүү менен экипаждын иш-аракетин координациялоо тартибин өздөштүрсө; - экипаждын өз ара иш алып баруусун жана контролдук картаны колдонууну билсе; - аба кемесинин мүчөлөрүнүн милдеттерине жооп берген аба кемесинин тиешелүү тибинде коопсуз учууну камсыздоо үчүн талап кылынган билимди жана жөндөмдү көрсөтсө; авиация персоналы үчүн жарандык авиациянын башкаруу документтери менен аныкталган билим деңгээлин, жөндөмдү жана көндүмдөрдү көрсөткөн учурда |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкү учурларда ишке ашырылат: белгиленген санитардык нормаларга жооп берген, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайларда, анын ичинде: ар бир кесип боюнча сабактар, лабораториялар жана чеберканалар боюнча талаптарга ылайык жабдылган жана камсыздалган окуу кабинеттери; - бир окуу тобунун комплектиндеги зарыл жабдуулар, анын ичинде приборлор жана инструменттер; - жабдылган спорт аянтчалары, ошондой эле спорт залынын, спорт шаймандарынын болушу; - китепкананын, медициналык кабинеттин, буу казандарынын болушу; - окуу техникасы менен камсыздалган окуу аэродрому; - бардык сабактар боюнча программалар, окуу пландары, көрсөтмө материалдар, окуу-пландоо документациянын комплекттери; экзамен материалдары, авиация персоналынын даярдалып жаткан ар бир квалификациясы боюнча окуу жана усулдук колдонмолор; - Институттун педагогикалык кадрлар менен толукталышы жана алардын квалификациялык талаптарга жооп бериши; - окуп жаткан адамдардын жана окуу жайынын кызматкерлеринин санитардык-гигиеналык жайлар менен (даараткана, жууна турган бөлмө), анын ичинде угуу, көрүү жана кыймылдоо-таянуу аппараты боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн; - пандустар, кармагычтары менен жабдылган имарат, жайлар. Имарат күтүү үчүн орундуктар, дааратканалар (борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташууга мүмкүн болбогон учурда), жылуулук берүү системасы, суу түтүктөрү жана телефон менен жабдылат. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар кезексиз тейленет, эгерде аларда көтөрүлүп чыгууга мүмкүнчүлүк болбосо, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Кызмат көрсөтүлүүчү жерде келген адамдардын ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүсү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Документтер адам кайрылган учурдан тартып - 30 мүнөттүн ичинде кабыл алынат. Кызмат көрсөтүү кайрылган күндөн 15 күндөн кечиктирбей көрсөтүлө баштайт. Окутуунун ченемдик мөөнөттөрү - 1 айдан 3 айга чейин. Окуу аяктагандан кийин жана экзамендер тапшырылгандан кийин 15 күндүн ичинде сертификат даярдалып берилет. Кайрылган учурдан тартып сертификат 30 мүнөттүн ичинде берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо | ||
8 | Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө маалымдоо (керектүү маалыматтардын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында - portal.tunduk.kg; - жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылганда; - жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - Институттан. Маалымат төмөнкүдөй түрлөрдө берилиши мүмкүн: - кат түрүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке жолугушууда); - электрондук түрдө. Жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкү каражаттар аркылуу жүргүзүлөт: - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында - portal.tunduk.kg; - жалпыга маалымдоо каражаттары (радио, телеберүү, газеталар); - жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты (www.caa.kg); - маалымат такталары, китепчелер, буклеттер; - жеке өзү же байланыш телефондору аркылуу кайрылуусу боюнча; - жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына жана сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келген адамдар менен пикир алышуу | Жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат көрсөтүү боюнча ишке тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинин сыртында көрнөкчөлөр жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлер аты-жөнү, кызматы көрсөтүлгөн көрнөкчөлөргө (бейджик) ээ болот. Келген адамдар менен кызматкерлер сүйлөшкөн учурда адептүүлүктү сакташат: сылык жана токтоо болуу, сабырдуу болуу жана суроолорго туура жана так жооп берүүгө, суроону терең түшүнүүгө, аны уга билүүгө умтулууга, ошондой эле кабыл алып жаткан чечим салмактуу жана жүйөлүү түшүндүрүлүп берилүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер жарандарга карата мамилелер боюнча кызыкчылыктардын кагылышуусун жойгон адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыздаган Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол бербеген кызматтык нускамаларды (иш милдеттерди) жана кесиптик адеп ченемдерин сактоосу зарыл. Өзгөчө муктаж адамдар үчүн (мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) пикир алышуу, сүйлөшүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу жөнүндө жана ага көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде берилиши мүмкүн. Угуучулардын жекече иштери күзөтүүгө алынган, жабдылган жайда жайгашкан сейфтерде сакталат. Сейфтеги документтерди атайын дайындалган же ыйгарым укук берилген адам гана алууга укуктуу |
12 | Зарыл документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр тарабынан аткарылган иш-аракеттердин тизмеги | жеке жак үчүн: - белгиленген үлгүдөгү арыз; - ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү; Юридикалык жак үчүн: - кайрылуу каты; - каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү; Окуп жаткан адамдар сабакка буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөттө келүүгө, окуу графигин сактоого жана окуу программасын өздөштүрүүгө милдеттүү. Кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызмат көрсөтүү максатында жеке маалыматтар субъектисинин макулдугу менен, анын ичинде анын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга электрондук документ формасында "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз берүүчү жөнүндө маалымат алууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү тарабынан иш-аракеттердин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынган документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүү жериндеги жана расмий сайттагы маалымат такталарында жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланууга тийиш |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты Авиаинституттун жетекчилиги тарабынан бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал Институттун жана жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылган. Төлөө шарттары: берилген төлөө эсебинин негизинде накталай эмес эсептешүү |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү параметрлер боюнча аныкталат: - кызмат көрсөтүү стандарттарында жарыяланган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү жана өз убагында көрсөтүлүшү; - кызмат көрсөтүүнү алуучу адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, улуту, дин тутуу белгилери, жаш курагы, саясий жана башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жарандардан кызмат көрсөтүү үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу жана ал документтердин жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүү шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү, коммуналдык-тиричиликтин ыңгайлуулук, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалымат жагынан колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сылык жана талапка ылайык мамиле жасоосу, кызмат көрсөтүүнүн бардык учурунда консультация берүүсү; - акыркы натыйжанын (кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүлөрдүн күтүүлөрүнө туура келиши; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде орун алышы |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык, Кызмат көрсөтүү электрондук форматта кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кабыл алуу бөлүгүндө көрсөтүлөт (portal.tunduk.kg) Кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн арыз ээси электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында каттоодон өтүшү керек (portal.tunduk.kg). Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы-3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтурууга жана аны кагазга басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алууга функционалдык мүмкүнчүлүккө ээ) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - арыз берүүчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына жооп бербеген учурда; - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда саналып көрсөтүлгөн зарыл документтерди тапшырбаган учурда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси оозеки же жазуу жүзүндө жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Институттун жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Кат жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле доомат коюунун мазмунун камтууга жана алуучунун колу менен дата коюлат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир иш күндүн ичинде каттайт жана кароого жетекчиликке жөнөтөт. Даттанууларды жана доолорду кароо Жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Институттун жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Арыздануучу даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда аба транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Агенттиктин, Авиаинституттун чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү стандарттарын кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилде дайыма кайра каралып турууга тийиш |