Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-марты № 106
Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу маселелери жөнүндө
Ветеринардык мыйзамдарды Евразия экономикалык комиссиясынын ченемдик укуктук базасына шайкеш келтирүү максатында, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Ветеринардык дары каражаттарын каттоо эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
2) Ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу эрежелери 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасынын ченемдери Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы № 1 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу эрежелери жөнүндө" чечими толук күчүнө киргенге чейин колдонулат деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги беш айлык мөөнөттө:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 04-мартындагы № 16 (3672) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |