КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-марты № 2900-VII
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат үчүн жаңы муундагы кадрларды даярдоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилгеленген (2024-жылдын 24-сентябрындагы чыг. № 28-8409) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат үчүн жаңы муундагы кадрларды даярдоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н. Тургунбек уулу |