КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-декабрындагы №29-2/6
«Каракол шаарынын №2 мектепке чейинки билим берʏʏ уюмунун имаратынын ичин, ажатканасын капиталдык оңдоо, электр тутумунун чубалгыларынын алмаштыруу жана территориясын кѳрктѳндʏрʏʏ» долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын бѳлʏп берʏʏнʏ, Каракол шаарынын 2025-жылдын бюджетинин долбооруна киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын вице мэри Г.Ж.Орозованын, 2024-жылдын 23-декабрындагы чыг:№130 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын II сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекова, 2 959 312 (эки миллион тогуз жʏз элʏʏ тогуз миң ʏч жʏз он эки) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын «Каракол шаарынын №2 мектепке чейинки билим берʏʏ уюмунун имаратынын ичин, ажатканасын капиталдык оңдоо, электр тутумунун чубалгыларынын алмаштыруу жана территориясын кѳрктѳндʏрʏʏ»долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын бѳлʏп берʏʏнʏ, Каракол шаарынын 2025-жылдын бюджетинин долбооруна киргизсин.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу, Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага А.А.Сапарбеков