КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-декабрындагы №29-2/8
«Каракол шаарынын №10 мектепке чейинки билим берʏʏ уюмунун чарба курулуштарын демонтаждоо, жаңы чарба курулуштарын куруу жана территориясын кѳрктѳндʏрʏʏ» долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын бѳлʏп берʏʏнʏ, Каракол шаарынын 2025-жылдын бюджетинин долбооруна киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын вице мэри Г.Ж.Орозованын, 2024-жылдын 23-декабрындагы чыг:№130 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын II сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекова, 3 154 380 (ʏч миллион бир жʏз элʏʏ тѳрт миң ʏч жʏз сексен) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын, «Каракол шаарынын №10 мектепке чейинки билим берʏʏ уюмунун чарба курулуштарын демонтаждоо, жаңы чарба курулуштарын куруу жана территориясын кѳрктѳндʏрʏʏ» долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын бѳлʏп берʏʏнʏ, Каракол шаарынын 2025-жылдын бюджетинин долбооруна киргизсин.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу, Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага А.А.Сапарбеков