Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-февралы № 48
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
110-берененин 8-бөлүгүндө "жана даттанылган актылар кабыл алынган же даттанылган аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жылдан кечиктирбестен сотко кайрылган" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 29-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |