Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 12-марты № 157-т
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогундагы айрым өткөрүү пункттарынын иштешин кайрадан улантуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта "Кайрагач-автожол", "Кызыл-Бел-автожол"," деген сөздөр алып салынсын;
- 1-1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогунда "Кайрагач-автожол", "Кызыл-Бел-автожол" өткөрүү пункттарынын иштеши кайрадан улантылгандыгы тууралуу кабарласын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |