ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-декабры № 47
Ичүүчү суунун ченин көтөрүүнү кароо боюнча
“Жайыл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын директору Б.М.Баймонкоевдин “Алексеевка айылынын ичүүчү суусунун ченин көтөрүү боюнча” берилген эсептөөлөрүн жана метриалдарын карап чыгып жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Алексеевка айылынын ичүүчү суусунун чени 18 (он сегиз) сомдон 22 (жыйырма эки) сомго көтөрүлсүн.
2. Жайыл айыл аймагынын Алексеевка айылынын ичүүчү суусунун жаңы чени Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция Министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматына макулдашылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |