Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2023-жылдын 27-декабры №190

Шайлоочулардын депутаттарга берген

сунуш-талаптары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 23-статьясынын негизинде, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын 2023-жылдын 4-декабрынан 12-декабрына чейин муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында шайлоочулар менен болгон жолугушууларда айтылган сунуш-талаптарын аткаруу максатында, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

1.Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын отчет берүү жана шайлоочулар менен жолугушуусунда шайлоочулар тарабынан айтылган сунуш-талаптары кабыл алынсын (тиркеме тиркелет).

 

2.Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) шайлоочулардын сунуш-талаптарын Ош шаарынын 2024-жылга бюджетин, “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын, капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук барактарына жана Ош шаарын 2024-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына киргизүү, аткаруу жана аларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты ар бир жарым жылдыкта Ош шаардык Кеңешине билдирип туруу тапшырылсын.

 

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин депутаттык фракцияларына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

С.С.Назылбеков

 

 

Ош шаардык Кеңешинин

2023-жылдын 27-декабрындагы

№190 токтомуна тиркеме

 

Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын отчет берүү боюнча шайлоочулар менен жолугушуусунда айтылган сунуш-талаптар

 

Даректер

 

Аткарыла турган иштер

 

№1 «Туран» МАБ

1.

Ишматов, Дружба көчөлөрү

Асфальттоо

2.

Латибжанов көчөсү, 3-үйү

Сыртын сырдоо, оңдоо (кош каржылоо жолу менен)

3.

Досуев көчөсү (Дача)

Электр мамычалары жана таза суу менен камсыздоо, салынган мектепти бүтүрүү

4.

Алай-1, Алай-2 конуштары

ПМК деген ишкананы жана бош жаткан Илим изилдөө институтун мектеп катары пайдалануу маселесин иштеп чыгуу, Ноокат айлампасына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү чийме (зебра) жана жол белгисин коюу, Дача конушунан Кулатов кичи районуна түз каттоочу маршруттук каттамды уюштуруу, жолду оңдоп берүү

5.

Дача конушу

1А каттамынын маршруттук схемасын карап чыгуу

6.

Мушкетова көчөсү

Асфальттоо, жылуулук менен камсыздоо, көпүрөгө чоң машиналар өтүүгө тыюу салынган белги коюп, көпүрөнү чоңойтуу, таштанды таштоочу бак менен камсыз кылуу, Туран- Юго-Восток маршруттук каттамын уюштуруу, 125 жана 138 кичи автобустарынын каттамын Туран шаарчасына киргенде экиге ажыратуу

7.

Ворошилова көчөсү

Трансформатор менен камсыздоо

8.

Эдельвейс конушу (Жетим маала)

Суу маселесин чечүү, суу түтүктөрүн алмаштыруу

9.

Королев көчөсү

Асфальттоо, таза суу жана тротуар маселесин чечүү, казылган жолду асфальттоо

10.

Беруний көчөсү, 7А

Электр мамычаларын жаңылоо

11.

Мушкетова көчөсү, 1А

Ош-Араван каналынын боюндагы жер тилке маселесин чечүү

12.

Дача конушу

Суу кампа куруу үчүн жер тилкесин чечүү

13.

Луначарский көчөсү №26;27;28;30;31;33;35 үйлөрү

Саркынды сууларга уруксат берүү

14.

Ишматов көчөсү, 1Б үйү

Чарчы метри аз, бирок жылуулук тармагына көп акча төлөнөт, балдар аянтчасын жаңылап берүү

15.

Ишматов көчөсү, 1В үйү

Чатырын жаап берүү (кош каржылоо жолу менен)

16.

Достук кичи шаарчасы, 8-кварталы

Асфальт, тротуар маселесин чечүү, аялдама куруп берүү

17.

Геологородок шаарчасы, 40 лет мектеби

Аялдаманын тушуна жөө жүргүнчүлөр өтүүчү сызык (зебра) жана жол белгисин коюу

18.

Ворошилова, Набережная көчөлөрү

Сел агымынан коргоо үчүн лоток орнотуу, 10 даана электр мамычалары менен камсыздоо жана асфальт төшөп берүү

19.

Латибжанов көчөсү, 15-үйү

Жылуулук менен камсыздоо, чатырын жаап берүү жана сыртын сырдоо (кош каржылоо жолу менен)

20.

Латибжанов көчөсү, 11; 12; 13; 14 үйлөрү

Астын асфальттап берүү

21.

№6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору

Процедуралык кабинет менен камсыздоо

22.

Абдумажитов көчөсү

315-подстанцияны жаңылоо

23.

Ворошилова көчөсү

Трансформатор менен камсыздап берүү

24.

Алай-1, Алай-2 конуштары

Южныйдан Ош шаардык жарандарды тейлөө бюросуно чейинки жолго асфальт төшөө

25.

Х. Абдуллаев мектеби

Актовый залын ремонттоп берүү

 

26.

90-көчө

Абжалов менен Калмурзаев көчөсүнүн кесилишкен жерин тротуар менен камсыздоо

№2 «Сулайман-Тоо» МАБ

1.

Курманжан Датка көчөсү

Фрунзе кичи базарынан Резиденцияга чейинки жолдун тротуарларын оңдоп берүү

2.

М.Горький көчөсү

Асфальтоо

3.

Э.Алиев көчөсү, №113 көп кабатуу үйү

Балдар аянтчасын куруп берүү

4.

“Эмаком” курулуш компаниясынан квартира сатып алгандар

Салынган үйдүн көйгөйлөрүн чечип берүү

5.

Достук кичи району, Санкт-Перербург жана 49-көчөлөрү

145-маршруттук каттамды жөнгө салуу, асфальт төшөө

6.

Атабаев көчөсү, 154,154А жана 148 көп кабатуу үйлөрү

Борбордук жылуулук системасына кошуу

7.

Водозаборная, Иминжанова жана Ленин көчөлөрү

Борбордук канализацияга кошуу жана 101- маршруттук каттамды кайра коюп жандандырып берүү

8.

Абдыкадырова жана Закирова көчөлөрү

Тротуар жана лоток менен камсыздоо

9.

Давыдова көчөсү

ФАПты оңдоо

10.

Асранкулов, Иминжанов жана Закиров көчөлөрү

Асфальт төшөө

11.

Рудаки мектеби

Алдына лоток коюп, жолун асфальттоо

12.

Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктарда иштеп жаткан кварталдык комитеттер

Айлык акысын көтөрүү жагын карап чыгуу

13.

Муниципалдык аймактык башкармалыктарда акысыз иштеп жаткан аялдар кеңеши

Майрамдык иш-чараларда Ардак грамота менен сыйлап коюу

14.

№27 “Чабалекей” балдар бакчасы

Борбордук канализацияга улап берүү

15.

Ленин көчөсү 345-үйү

Кары-картаңдар отуруучу орургучтар менен камсыздоо

16.

Э.Моминов көчөсү (Светлый)

Асфальт төшөө

17.

Баялинов көчөсү

Борбордук канализацияга кошуу

18.

Ленин көчөсү

Тешик-Таш базарынын жанындагы үйлөрдүн ээси менен Шырдаковдун ортосундагы маселени чечүүгө жардам көрсөтүү, поликлиника маселесин чечүү

19.

Ош шаарындагы мектептер

Окуучулар арасында шахмат боюнча мэриянын кубогун кайра уюштуруп, каржы жагын чечип берүү

№3 «Керме-Тоо» МАБ

1.

Ак-Тилек кичи району, 40-көчө

60 метр жолду 100% жергиликтүү бюджеттин эсебинен асфальттап берүү

2.

Черемушки кичи району, Краснофлотская көчөсү, №5 а

№5а турак үйүн оңдоп берүү, поликлиника жана бала бакча куруу

3.

Краснофлотская №5 г/11

Көп кабаттуу үйдүн курулушуна каршылык көрсөтүү

4.

Анар кичи району

Муниципалдык бала бакча куруу, Анар №21, №19 үйлөрдүн алдындагы 1 гектарга жакын жер тилкеге 2 кабаттуу бала бакча, поликлиника куруу, Көкүмбий көчөсүндөгү (Кулатов кичи районунан унаа базарга чейин) жолду оңдоо

5.

Н.Байтемиров көчөсү, №1А көп кабаттуу турак үйлөрү

Балдар ойноочу аянтча куруп берүү, Облустук төрөт үйү менен облустук санитардык-эпидемиологиялык борбордун ортосунан жөө өтүүчү жол ачуу

6.

Чкалов көчөсүнүн №23 дарегиндеги №4 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу

Жаңы заманбап мекеме куруп берүү

7.

Өскөналиев көчөсү

Тротуарды оңдоо

8.

Төлөйкөн кичи району, №25, №28, №29 көп кабаттуу үйлөрү

Балдар ойноочу аянтчаны оңдоп-бүтүрүүгө каражат бөлүп берүү

9.

Гастелло көчөсү, №1Б

Балдар аянтчасын куруп берүү, 1А домдун аркасындагы каралбаган бак-дарактарды жана тосмолорду алып салуу, суу камдоочу мунара (водонапорная башня) жайгашкан жерди Тологон аттуу жаран тосуп алган жана ал мунарага жайгаштырткан антенналардын ижарасын алып жаткандыгын тийиштүү органдарга текшертүү, тротуарларды мыйзамсыз тосуп алган жер үлөрдүн кашааларын алдыруу жана калыбына келтирүү

10.

Волгоград жана Чкалов көчөлөрү

Асфальттоо

11.

Т.Кулатов кичи району, №3 үйү

Үйдүн жылуулугу жок, жер төлөдөгү түтүктөрдү жаңылоо, балдар ойноочу аянтча куруу, скверди домго чейин жеткирүү, асфальт төшөө

12.

Анар кичи району, №10 үйү

ПЗУ иш кагазын бүткөрө албай келишет, себеби 710 м2 жер муниципалдык менчикке госакт жасалган. Аны кайтаруу жана ПЗУ даярдоо

13.

Урицкий көчөсү, №6, №4 жатаканалар

Ажаткана куруу (кош каржылоо жолу менен)

14.

Өскөналиев көчөсү, Рембыттехниканын маңдайы

Тротуарды оңдоо

15.

Чкалов көчөсү, №29-№31 үйлөрү

Жашоочуларга жаңы 5-6 кабаттуу турак үй куруп берүү

16.

Ак-Тилек кичи району

Аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү. Кыш мезгилине көмүр алып берүү

17.

XX Партсъезд, №128 үйү

Газ киргизүү, 60 метр жолду асфальттоо, балдар аянтчасын куруу

18.

Анар кичи району №21 үйү

Түрак үйдүн жер төлөсүн (подвалын) үй ээлерине өткөрүп берүү

19.

Анар кичи району, №21, 50-батир

Майыптуулугу бар жолдошу жана уулу менен ижара шартында батирде жашашат. Мэрияга кайрылышкан батир боюнча, бирок баланста батир жок деген жооп алган. Батир бөлүп берүү

20.

И. Саидов көчөсү

Жолго асфальт төшөө, тротуар куруу, лотокторду куруу, бала бакча, поликлиника куруу, СПИД борборун жылдыруу, жеке турак жай курууга жер маселесин чечүү

21.

Чкалов көчөсү, №60

Жылуулук менен камсыздоо, балдардын аянтчасын куруп берүү,

 үйдүн чатырын жабуу

22.

Р.Абдыкадыров көчөсү, №195, №197

Балдар аянтча куруу,үйдун алдына асфальт төшөө, газ түтүгүн бийиктетүү

23.

Алмалык айылы

Үйлөрдүн документтерин каттоо маселесин чечүү

24.

Г.Айтиев көчөсү, №147 үйү

От казан куруу

25.

Переулок Бабура

25 электр жыгач столбаларын жана чубалгыларын алмаштыруу, жолду асфальттоо

26.

Көкүмбий, №100

13-автобусту Кеңеш айылына чейин жүргүзүп берүү, Жапалак унаа базарынын алдына аялдама, урна, жолго жөө өтүү чийимин жана белгисин жасап берүү

№4 «Манас Ата» МАБ

1.

6-квартал

Юридикалык колледжге жана тери оорулар больницасына берилип кеткен 2 бала бакчаны кайтарып алуу, Раззаков менен Касымбеков көчөлөрүнүн жээктерине токтотулуп турган оор жүк ташуучу машиналардын жайын жылдырып берүү, эски 60-жылдары курулган үйлөрдүн канализация түтүктөрүн жаңылоо, шаардагы канализация системасын кеңейтүү

2.

1-квартал

Үй-бүлөлүк жатканада жашаган тургундардын балдарына жеңилдиктерди кароо, бала бакча салып берүү, ал-абалынан кабар алуу, көп кабаттуу үйлөрдүн арасына майда дүкөндөрдү ачууга тыюу салуу

3.

3-квартал

Көзү азиздер үйүндөгү жашоочуларга жардам көрсөтүү жана ОшМУга берилген бала бакчасын кайтарып алуу

4.

16-квартал, Ашимахунов көчөсү, 26

Эмаком курулуш компаниясы тарабынан курулган, толук бүткөрүлө элек үйдө жашаган тургундардын шартын көзөмөлгө алуу. (Үй документи, коммуналдык кызматтары толук эмес.)

5.

Ашимахунов көчөсү, 46

Онкологиялык оорукананы жылдыруу маселеси (жашоочуларга зыяндары тийип жатат)

6.

Кара-Суу көчөсү,36

Артындагы жолду кеңейтүү, сүрдүрүлгөн гараждар кайрадан иштеп жатканын көзөмөлгө алуу

7.

Салиева көчөсү, 48

Жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн балдар аянтчасы жана машина токточуу жайлары жок болгондуктан, жол жээктери машина менен толуп элге ыңгайсыздык жаратууда

8.

12-квартал

Жалгыз бой жана көп балалуу энелер үчүн жеңилдиктерди жаратып берүү, колдоого алуу

9.

Масалиев көчөсү, 9/25

Көп кабаттуу үйүнө, балдар аянчасын курдуруп берүү

10.

Раимбеков көчөсү, 22

Үй комитеттеринин башчыларына жеңилдиктерди жаратып премия уюштуруп берүү

11.

Алай көчөсү

Мечиттин артындагы жол оңдоо түзөөдөн өткөрүлгөн, оңдоо учурунда суу агып кетүүчү түтүктөр көмүлүп кеткен жана учурда жамгыр жааганда суу толуп ынгайсыздык жаратууда, суу агып кетүүчү түтүктөрдү ачтырып берүү

12.

Салиева көчөсү, 2

Пособие алууда кыйынчылыктар болуп жаткандыгына байланыштуу жеңилдетүү жактарын карап берүү, көп кабаттуу үйдүн жолу тосулуп калгандыктан өрт өчүрүүчү машиналар кире албай турган абалда, жолду кеңейтип берүү

13.

Салиева көчөсү, 40Б

Жеке курулуш компаниялар үй салып жатканда машина токтоочу жай, балдар ойноочу аянтчаларын дагы эске алуу керектиги жөнүндө тиешелүү жактар көзөмөл жүргүзүп берүү, таштанды таштоочу жай менен камсыздоо жана урна орнотулган жерге жарыктандыруу орнотуп берүү, Балдар аятчасын куруп берүү

14.

3-квартал

Ар бир кварталга тазалык ишканасынын кызматкерлеринен бөлүп берүү, мектепте окуган балдардын тамак ашына бөлүнгөн акчанын суммасын көбөйтүп берүү

15.

Салиева көчөсү, 26,28,30,32,34

Касымбекова чоң көчөсүнөн аталган үйлөргө кирип кетүүчү жолду кеңейтип берүү

16.

14-квартал

Масалиев көчөсүнөн 12-көмөкчү мектеби жана 32-үйгө чейинки жерлерди жарыктандыруу менен камсыз кылуу

17.

Алишер Навои көчөсү

36-38-40-42 үйлөрүнө кирип кеткен жолго асфальт төшөө, бала бакча куруп берүү

18.

№27-мектеп

Балдар ойноочу жана футбол аянтчаларын оңдоп түзөөдөн өткөрүү

№5 «Амир-Темир» МАБ

1.

Калинин көчөсү 165/2

Ош шаарынын №5 Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгындагы эски поликлиниканын корпусун жаңылоо

2.

Калинин массиви, 152-көчөсү

Электр мамычаларын орнотуу, жаратылыш газы менен камсыздоо

3.

Ош шаарынын №5 Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочусу М.Абидов

Балдар ойноочу аянтча куруу

4.

Куцемелова көчөсү

Электр мамычаларын жашоочулардын короосунан чыгаруу

5.

Ош шаарынын №5 Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары Султанов жана Искандаровдор

РСК Банктын филиалын ачуу

6.

Чаткал көчөсү,28

Ош шаарындагы №46 орто мектебин чоңойтуу жана спорт зал куруу

7.

Калинин массиви, 165-көчөсү

Асфальт төшөө

8.

Калинин массиви, 2-кварталы, 110-көчөсү

 Асфальт төшөө, маршрутка жүргүзүү

№6 «Курманжан-Датка» МАБ

1.

Юго-Восток

Мечиттердин электр энергиясын коммерциялык баада эмес, жеңилдетилген шарттарда төлөө, мечит салууга жер бөлүп берүү

2.

Дом Быта

2024 жылга бюджетке кошуу (ирригация маселеси), балдар аянтчасын курууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү, селсаяктарга көзөмөл жүргүзүү жана социалдык жардам берүү

3.

№223-Квартал

Балдар бакчага бөлүнгөн жерге балдар бакчасын куруу, газ түтүктөрүн тартып берүү, трансформатор орнотуп берүү, мүрзөгө жер аянтын бөлүп берүү, асфальт төшөө, киребериштеги жолдогу көпүрөнү оңдоо.

4.

“Озгур Солнечный” дачасы

№111 кичи автобустук каттамды жандандырып, жол коопсуздугун камсыздап берүү, таза суу, электр энергия маселесин чечип берүү.

5.

Дачалардын өкүлү

Дачаларды таза суу жана жарыктандыруу менен камсыздап берүү

6.

№35 Асан-Үсөн балдар бакчасы

Кошумча имарат салуу

7.

Өзгөн көчөсү

Тротуар жана ирригация маселесин чечүү

8.

№222, №223 кварталдары

Депутаттардын курамында көчмө жыйын уюштуруу, Ош - Сары-Таш эл аралык маанидеги автомобиль жол кесилишине жол чырактарын орнотуу

9.

Ж.Шамшиев көчөсү

Шаардын жол тыгындарын чечүү, ички жолдорду ачуу, көчөнү кеңейтүү жана асфальт төшөө.

10.

10-квартал

Асфальт төшөө, эскилиги жеткен электр мамылчаларды жана электр зымдарды жаңылоо.

11.

11-квартал

Электр мамылчаларын жаңылоо, ички жолдорун асфальттоо.

12.

Масалиев көчөсү, 47

Турак жай маселесин чечип берүү

13.

Озгур Дача

Дачалардын жашоочуларына Ош тазалык кызматын камсыздоо (Таштанды таштоочу жайын уюштуруу), жол маселесин чечип берүү.

14.

А.Масалиев көчөсү, 67

Көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндөгү медициналык кызмат көрсөткөн жайдын мыйзамдуу иш жүргүзүүсүн талап кылуу.

«Жапалак» ААБ

1.

Парник участкасы

Арыктарга лоток орнотуу, таза суу, тротуар жана жол маселеси, таштандыларды убагында алып кетүү

2.

Мелиоративная көчөсү

Таза сууга счетчиктерди коюу, машина базардын жолундагы тыгындарды жоюу 2024-жылдын бюджетин караганда кандайдыр бир пайызын Жапалак айылдык аймагына которуу

3.

Качыбек айылы

Спорттук аянтча куруу, айылдын ичиндеги 2 чакырым жерди асфальттоо

4.

Татар айылы, М.Алаев көчөсү

Таза суу маселесин чечүү, суу түтүктөрүн оңдоп түзөөдөн өткөрүү

5.

Мээркан айылы Абдыкадыров көчөсү

Электр мамычаларын жана электр чубалгыларын койдуруу, 1-көчөгө 1 километр асфальт басуу, 4-көчөгө 31 даана электр мамычаларын орнотуу

6.

Озгур айылы

Таза суу менен камсыздоо, газ жана жол маселесин чечүү, таштандыларды убагында алып кетүү, маршруттук каттамдардын каттоо графигинин аралыгын көзөмөлдөө

7.

Төлөйкөн айылы, Ынтымак көчөсү

Таза суу менен камсыз кылуу, электр мамычасын орнотуу жана алмаштыруу

8.

Төлөйкөн айылы, Ж.Мамытов жана Т.Ражапов көчөлөрү

Электр мамычасын орнотуу жана алмаштыруу

9.

Гүлбаар-Төлөйкөн айылы

Тротуар төшөө, жарыктандыруу жана суу маселелерин чечүү

10.

А.Каримова көчөсү, 10

Электр чубалгылары менен камсыздоо, көчөнү асфальттоо

11.

К.Юсупов көчөсү

Жарыктандыруу, суу маселелерин чечүү, жолду асфальттоо

12.

Кеңеш айылы

“Ош-Тазалык” ишканасынын абоненттеринин тарифинин көтөрүлгөндүгүнө каршылык билдирүү, таза суу түтүктөрүн жаңылоо, клубду, чайхананы ремонттоо

13.

Т.Ражапов көчөсү

Газдаштыруу (кош каржылоо жолу менен), 200 метр жолду асфальттоо, электр мамычаларын орнотуу, тротуар төшөө, суу каналдарын тазалоого бир эксковатор бөлүп берүү

14.

Гүлбаар-Төлөйкөн айылы

Үрөн, күйүүчү май убагында бөлдүрүп берүү, Жапалак унаа базарына альтернативдик көчө ачуу

15.

Татар айылы

Бала бакча куруу

16.

А.Жумабаев көчөсү

Таза суу түтүктөрүн тартуу, асфальт төшөө

17.

М.Алиев көчөсү

 Трансформатор орнотуу

 

 

 

 

 

 

Ош шаардык

Кеңешинин

аппарат жетекчиси

 

 

И.Э. Абдыраимов