Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2023-жылдын 27-декабры №191

Ош шаарынын №2 Сулайман-Тоо

муниципалдык аймактык башкармалыгынын

Иминов көчөсүнүн №3/1 дарегиндеги

жер тилкесин ижара акысынан бошотууга

макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренеcин жетекчиликке алып, Ош шаарынын №2 Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Иминов көчөсүндөгү №3/1 даректеги жер тилкесин ижара акысынан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 15-декабрындагы №25 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

1.Ош шаарынын №2 Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Иминов көчөсүндөгү №3/1 дарегинде кошумча 110/10/- 6кВ чыңалуудагы көмөк чордонун куруу үчүн 400,0 чарчы метр жер тилкесин ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин.

2.Ош шаарынын мэриясы (Б.Жетигенов) Ош шаарынын калкын электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу максатында кошумча 110/10/- 6кВ чыңалуудагы көмөк чордонунун сапаттуу курулушун көзөмөлгө алуу тапшырылсын.

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

С.С.Назылбеков