ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-февралы № 3
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Жайылма айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Логвиненко айыл аймагынын «Логвиненко айылдык кеңеши» жана Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Туз айыл аймагынын «Туз айылдык кеңеши» бириктирүү жолу менен «Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңеши»мекемеси түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде – “Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун. Жайылма айыл аймагынын, “Жайылма айылдык кеңеши” мекемеси;
- расмий тилдеУчреждение “Айылный кенеш Жайылма” Айылного аймак Жайылма, Ысык-Атинского района, Чуйской области;
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Новопокровка айылы,Ленина көчөсү № 80
2. «Жайылма айылдык кеңеши» мекемесинин Жобосу бекитилсин.
3. «Жайылма айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, Ленин көчөсү № 80, болуп аныкталсын.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К.М. Жонгучкаев |