ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 27-декабры №193
Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылга иш
планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 23.1, 23.2 жана 23.4 пункттарынын негизинде, Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын жана депутаттык фракциялардын сунуштарын, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме тиркелет.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |