ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 27-декабры № 194
Ош шаарындагы аксакалдар сотторунун
шайлоосун өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 11,12-беренелерине ылайык, аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын үч жылдык мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Ош шаарындагы аксакалдар сотторунун шайлоосун өткөрүү боюнча Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 28-ноябрындагы №13 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарындагы аксакалдар сотторунун шайлоосу 2024-жылдын март айында өткөрүлсүн.
2.Ош шаарынын мэриясына (Б.Ж.Жетигенов):
-Аксакалдар сотторунун шайлоосун өткөрүү жана уюштуруу;
-Шайлоонун жыйынтыгы боюнча тиешелүү иш-кагаздарын Ош шаардык Кеңешине тапшырылышын камсыз кылуу милдеттендирилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Раимов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |