Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин XX чакырылышы II кезектүү сессиясы
2025-жылдын 17-февралы № 2/4
Жаңы-Күч айылында кичи футбол аянтча жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жаңы-Күч айыл башчысы А.Мусаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов мектебинин аймагындагы бош тилкесине кичи футболдук аянтча курууга макулдук берилсин.
2.Аянтчага тиешелүү документтерин даярдоо жагы айыл башчы А.Мусаевге милдеттендирилсин.
Жалпы добуш: 18 , макул -16, калыс-2
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
4.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Султаналиев |