Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин XX чакырылышы II кезектүү сессиясы
2025-жылдын 17-февралы № 2/5
Жаңы-Күч айылында социалдык обьекти куруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жаңы-Күч айыл башчысы А.Мусаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Күч айылынын Шайылда уулу Мамбетакун көчөсүндөгү №43 дарегиндеги айыл өкмөткө тиешелүү идентификациялык коду 4020510020135 ге жайгашкан 5282,58 чарчы метр болгон жер аянтка социалдык обьектилерди (бала бакча) курууга уруксат берилсин.
2.Тиешелүү документтерин даярдоо жагы Жаңы-Күч айылынын айыл башчысы А.Мусаевге милдеттендирилсин.
Жалпы добуш: 18 , макул 18
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
4.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Султаналиев |