Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин XX чакырылышы II кезектүү сессиясы
2025-жылдын 17-февралы № 2/6
Кара-Булуң айылында күрөш зал куруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Булуң айылынын айыл башчысы К.Мамбетовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Булуң айылындагы айыл өкмөткө тиешелүү идентификациялык коду 4020410020352 де жайгашкан бош жер аянтка айыл жаштарынын сунушу менен күрөш зал салууга уруксат берилсин.
2.Тиешелүү документтерин даярдоо жагы айыл башчы К.Мамбетовго милдеттендирилсин.
Жалпы добуш: 18, макул 18.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
4.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Султаналиев |