Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 25-декабрындагы        №29-2/10              

 

Каракол шаарынын «Чельпек аймагындагы ʏй-бʏлѳлʏк дарыгерлер тобунун имаратын жарым жартылай ремонттоо, жылуулук жана суу менен камсыздоо системаларын капиталдык ремонттон ѳткѳрʏʏ» долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын бѳлʏп берʏʏнʏ, Каракол шаарынын 2025-жылдын бюджетинин долбооруна киргизʏʏ жѳнʏндѳ

 

  Каракол шаарынын вице мэри Г.Ж.Орозованын, 2024-жылдын 23-декабрындагы чыг:№130 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXIX  чакырылышынын II сессиясы,

                                                                        токтом кылат:

 

  1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекова, 2 964 927 (эки миллионтогуз жʏз алтымыш тѳрт миң тогуз жʏз жыйырма жети) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын, Каракол шаарынын «Чельпек аймагындагы ʏй-бʏлѳлʏк дарыгерлер тобунун имаратын жарым жартылай ремонттоо, жылуулук жана суу менен камсыздоо системаларын капиталдык ремонттон ѳткѳрʏʏ»долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын бѳлʏп берʏʏнʏ, Каракол шаарынын, 2025-жылдын бюджетинин долбооруна киргизсин. 

 

  1. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

  1. Токтом ММКларда жарыялансын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу, Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине   жʏктѳлсʏн.

 

 

 Тѳрага                                                                                               А.А.Сапарбеков