Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин XX чакырылышы II кезектүү сессиясы
2025-жылдын 17-февралы № 2/7
“Ичке”жайлоосуна эс алуу жайын куруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Булуң айылынын тургуну Ж.Исмайылованын кайрылуусун угуп жана талкуулап,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек айыл аймагынын Кара-Булуң айылына караштуу Ичке жайлоосуна туризмди өнүктүрүү боюнча 0.50 га жер аянтка жеңил конструкция менен эс алуу жайын салууга уруксат берилсин.
2.Тиешелүү документтерин даярдоо жагы Кара-Булуң айылынын айыл башчы К.Мамбетовго милдеттендирилсин.
Жалпы добуш: 18 , макул 18
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
4.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Султаналиев |