Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин XX чакырылышы III кезектүү сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 3/2
Казыбек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен 2025-жылдын 1-январына калган акча каражатын калдыгын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитилген бюджетинен калган калдыкты пайдалануу боюнча карап чыгып , Казыбек айылдык Кенеш токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитилген бюджетинен калган калдык төмөндөгүдөй максатта жумшалсын;
- төраганын эмгек акысына-29,0 мин сом
- төраганын соц.фондуна -6,0 мин сом
- Жаны-Күч айылынын каналдарын казууга ГСМ алуу -51,8 мин сом
- Жаны-Күч айылынын айрым көчөлөрүнө кум шагыл төгүүгө ГСМ алуу -100,0 мин сом
-Казыбек айылынын айрым көчөлөрүнө кум шагыл төгүүгө ГСМ алуу- 100,0 мин
- Кызыл-Туу айылындагы Кайырма каналын казууга ГСМ алуу -120,0 мин сом
- Кызыл-Туу айылындагы Чон-Арык каналын казууга ГСМ алуу -80,0 мин сом
- Үч айылды жарыктандыруу үчүн Нарын облустук Тенир-Тоо өнүктүрүү фондуна жазылган долбоор боюнча орнотуу жазоо жумуштарынын акысына 1956,7 мин сом
- Айыл Банктан лизинг жолу менен алынган эки атайын техниканын 2025-жылга карата төлөм акысына 2000,0 мин сом
- Кызыл-Туу мусор полигонун тосууга керектүү материалдарды алууга 453,5 мин сом
- Кызыл-Туу мусор полигонуна видео камера алууга 25,0 мин сом
- Сатып алуулар б-ча жетектөөчү адиске ноутбук алууга – 14,5 мин сом
- Жаны-Куч айылына бала бакча салуу үчүн жеке жарандан жер тилкесин сатып алууга 250,0 мин сом
- Казыбек айылындагы таза суу системасын капиталдык ремонт кылууга жазылган долбоордун өздүк салымы (Тенир-Тоо фонд)-478,0 мин сом
- Казыбек айылындагы муниципалдык гаражды капиталдык ремонт кылуу үчүн жазылган долбоордун өздүк салымы (Тенир-Тоо фонд)- 600,0 мин сом
- Уч айылдын жарыктандыруу үчүн жазылган долбоорго өздүк салым (Тенир-Тоо фонд) 240,2 мин сом
- Мин-Булак учаскасынын таза суу тартуу үчүн жазылган долбоорго өздүк салым (Ат-Башы өнүктүрүү фонд) 500,0 мин сом
Жалпы баары:-Р-70111-7004,7 мин сом
Клуб Р-70823
- Кара-Булун айылындагы маданият үйүн ремонт кылууга керектүү материалдарды алууга -150,0 мин сом
Бала бакча Р-70911
- Кызыл-Туу айылындагы Сезимтал бала бакчасынан балдар ойноочу аянчага жабдыктарды алуу үчүн жазылган долбоордун өздүк салымы (Ат-Башы өнүктүрүү фонд) 500,0 мин сом
- Кызыл-Туу айылындагы Сезимтал бала бакчасынын жылытуу системасын капиталдык ремонт кылуу үчүн жазылган долбоордун өздүк салымы (стим)-720,7 мин сом
Баары Р-70911 -1220,7 мин сом
Р-70921 (Мектеп)
Жаны-Күч айылындагы Ж.Кайыпов орто мектебинин эски корпусунун чатырын алмаштырууга жазылган долбоордун өздүк салымы (стим)-626,0 мин сом
Бардыгы жалпы: Р-70111,Р-70823, Р-70911, Р-70921-9001,4 мин сом
Жалпы: Жергиликтүү бюджеттин калдык боюнча чыгаша бөлүгү: 9001,4 мин сом
Спец калдык -738,8 мин сом мунун ичинен
Казыбек садик 159,5 мин сом
Кара-Коюн садик 579,3
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго жана СЭӨБ башчысы Т.Исаковго тапшырылсын.
3.Бул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Султаналиев |