Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-марты № 9
Айдаркен шаары үчүн Кадамжай райондук ѳнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоорго ѳздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жѳнүңдѳ
Айдаркен шаары үчүн сунушталуучу долбоор жѳнүндѳ Айдаркен шаардык мэриясынын инвестиция боюнча башкы адиси Н.Касымовдун маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши кезексиз 6-сессиянын №6-протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Муниципалдык базар куруу" долбооруна өздүк салым 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Айдаркен шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
3. Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А.А.Алтымышова |