Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-марты № 10
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду менен күрɵɵ келишимин түзүүгɵ белгиленген тартипте макулдук берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы №619-т Тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Айдаркен шаардык мэриясынын ортосундагы 2024-жылдын 24-декабрындагы субкредиттик №19-04-01/64 келишимдин негизинде алынган эки техникалык автотранспортторду күрɵɵгɵ коюуга келишим түзүүгɵ макулдук берүү боюнча Айдаркен шаардык мэриясынын 2025-жылдын 11-мартындагы №01-06/306 сунуш катын карап, талкуулап Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд тарабынан эки авотранспорт боюнча жиберилген күрɵɵ келишимин түзүүгɵ белгиленген тартипте макулдук берилсин.
2. “Айдаркен-Коммунальщик” ачык типтеги коому тарабынан бюджеттик кредиттин максаттуу жана натыйжалуу пайдаланышын жана субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык ɵз убагында кайтарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Айдаркен шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн.
4.Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А.А.Алтымышова |