Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин XX чакырылышы III кезектүү сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 3/3
Айыл чарба багытындагы жерлерди кайра бөлүштүрүү жана ижарага берүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Казыбек айыл өкмөтүнүн орун басары Б.Мамытовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Казыбек айылдык Кеңеш токтом кылат:
1.Казыбек айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди кайра бөлүштүрүү жана ижарага берүү боюнча баштапкы баасы 500 сомдон 600 сомго көтөрүү жагы жактырылсын,кадамы 100 сомдон деп белгиленсин.
2. Казыбек айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди кайра бөлүштүрүү жана ижарага берүү жөнүндө маалымат ар бир айылдын тургундарына толук жеткирилсин.
3.Жерлерди арендага берүү боюнча ар бир айылдын депутаттарынан комиссиянын курамына киргизилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Султаналиев |