Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин XX чакырылышы III кезектүү сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 3/4
Кызыл-Туу айылындагы Кыргызтелекомдун имараты жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Казыбек айылдык Кеңеш токтом кылат:
1.Кызыл-Туу айылынын И.Обукеев №40/2 көчөсүндөгү 4020410010463 идентификациялык кодунда жайгашкан «Кыргызтелеком» Ачык Акционердик Коомуна тиешелүү болгон имаратты Кызыл-Туу айылдык маданият үйүнүн ичинен 34,94 чарчы метр жер аянтына алмашууга макулдук берилсин.
2. Кыргызтелеком» Ачык Акционердик Коомуна тиешелүү болгон имарат авариялык абалда болгондуктан,анын ордуна Кызыл-Туу Үй-Бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын курууга уруксат берилсин.
3.Бул токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Султаналиев |