Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин XX чакырылышы III кезектүү сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 3/5
Казыбек-Кара-коюн муниципалдык ишканасы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”Мыйзамынын “Депутаттардын ишканалардын,мекемелердин жана уюмдардын иштерин текшерүү жөнүндө маселе коюу укугу” 12-статьясынын негизинде,Казыбек айылдык Кеңеш токтом кылат:
1.Казыбек -Кара-Коюн муниципалдык ишкансынын жетекчиси жана бухгалтеринин 2024-жылдагы ишканада аткарылган иштери боюнча так маалымат бере албагандыктан,Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакунов тарабынан ишкана жетекчилерине кызматтык чара көрүлүүсү эскертилсин.
2. Бул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Э. Султаналиев |