Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 14-марты № 55
2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 20 (3676) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |