Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры № 1
“Кең-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин мекемесинин түзүү жөнүндө”
“ Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарын ишин уюштуруу жөнундө” токтомунун ,жана “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги админстративдик-аймактык бирдиктер жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2024-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңеши кабыл алган мыйзамга ылайык 10-тиркемесинде көрсөтүлгөндөй, Кыргыз республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин , “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып , Кең-Талаа айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кең-Талаа айылдык кеңеши мекемеси жана Бешкент айылдык кеңеши мекемеси бириктирүү жолу менен Кең-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси болуп кайра түзүлсүн ;
Айылдык кеңештин толук фирмалык аталышы ;
- мамлекеттик тилде; “Кең-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши”мекемеси.
- расмий тилде; Учреждение “Айылный кеңеш Кен-Талааского айылного аймака.
Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы;
- мамлекеттик тилде; “Кең-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши”м-си.
- расмий тилде; У-е “Айылный кеңеш Кен-Талааского айылного аймака
2. Кең-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин Жобосу бекитилсин.
3. Кең-Талаа айылдык кеңешинин юридикалык дареги; Баткен облусу, Лейлек району, Кең-Талаа айыл аймагы, Бешкент айылы ,Бешкент көчөсү №63 болуп аныкталсын .
4. Өткөрүп берүү актысы, өткөрүп алуу актысы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле мамлекттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендигин ырастайм.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |