Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-декабрындагы № 4
2022-жылдын 18-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин 2-чи пунктунун негизинде 2023-жылдын 1-январынан тартып Момбеков айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 13-чү бөлүмүндө көрсөтүлгөн мүлк салыктарын киргизүү жөнүндө
2022-жылдын 18-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин 2-чи пунктунун негизинде 2023-жылдын 1-январынан тартып Момбеков айыл аймагында аймагында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 13-чү бөлүмүндө көрсөтүлгөн мүлк салыктарын киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча сектор башчысы Б Мураталиевдин күн тартибиндеги маалыматын угуп, жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 15-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча сектор башчысы Б Мураталиевдин маалыматы эске алынсын.
2. 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин 2-чи пунктунун негизинде 2023-жылдын 1-январынан тартып Момбеков айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 13-чү бөлүмүндө көрсөтүлгөн мүлк салыктары киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И Абдыразак уулу |