Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-декабрындагы № 3
Бостон айылынын тургуну Г Купахунованын арызын кароо жөнүндө
Бостон айылынын тургуну Г. Купахуновага караштуу 188,6 чарчы метр жер аянты курулган мечити менен айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын күн тартибиндеги маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 15-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Бостон айылынын тургуну Г. Купахуновага караштуу 188,6 чарчы метр жер аянты курулган мечити менен айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
3. Тийиштүү документтерди өткөрүп берүү жагы Бостон айылынын тургуну Г Купахуновага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия курамына жана айыл өкмөт башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Ж Суяровага жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И Абдыразак уулу |