Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-марты № 52
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
32-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ыйгарым укуктуу органдын Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык автоунаа берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Кызматтык автоунааны пайдалануу тартиби Жогорку Кеңештин жобосу менен аныкталат.
Жогорку Кеңештин депутаты өз ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу жеке менчик автоунаасын да пайдалана алат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө ирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 6-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |