Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-декабрындагы № 1
Бостон айылына балдар бакчасын куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын күн тартибиндеги Бостон балдар бакчасын куруу үчүн 0,22 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 15-сессиясы токтом кылат:
1. Жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Бостон айылына балдар бакчасын куруу үчүн 0,22 га жер аянтын ажыратып берилсин.
3. Бекитилип берилген жер аянтына архитектуралык ген планга ылайык документтештирүү жагы Ноокен райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынан суралсын.
4. Тийиштүү документтерди даярдоо жагы жер боюнча башкы адис Б Жакыбалиева жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Ж Суяровага жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И Абдыразак уулу |