Редакцияот 16.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы

 

2022-жылдын 16-ноябрындагы № 1

 

Момбеков айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы бош жаткан 0,50 га жер аянтын муниципалдык менчике алып, туристикалык борбор ачуу үчүн ажыратып берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын президентинин 17-декабрь 2021-жылдагы № 566 “Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүүнү колдоо” Указынын Министрлер кабинетинин 11.03.2022-жылдагы № 128 токтомунун, Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ачык акционердик коомунун 19.10.2022-жылдагы № 497 катынын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын 10.10.2022-жылдагы № 01-1/533 катынын негизинде жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын күн тартибиндеги маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 12-сессиясы токтом кылат:

 

1. Жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.

 

2. Чек айылындагы бош жаткан 0,50 га жер аянтын муниципалдык менчике алынсын.

 

3. Жогорудагы жер тилкеси муниципалдык менчике алып, туристер үчүн эс алуу борборун ачуу үчүн жер аянты ажыратып берилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу А Жунусовго жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин

төрагасы

 

И Абдыразак уулу