Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-сентябрындагы № 16
Момбеков айыл аймагынындагы бала-бакчалардын кызматкерлеринин тамак-ашынын баасын бекитүү
Момбеков айыл аймагынындагы бала-бакчалардын кызматкерлеринин тамак ашынын баасын бекитүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 13-сессиясы токтом кылат:
1. № 22 “ Гүлкайыр”, № 46 “Гүлзар”, № 17 “Бостон”, № 21
“Кызгалдак”, № 49 “Таштак”, № 16 “Наристе” балдар бакчаларынын жетекчилеринин билдирүүлөрү эске алынсын.
2. № 22 “ Гүлкайыр”, № 46 “Гүлзар”, № 17 “Бостон”, № 21
“Кызгалдак”, № 49 “Таштак”, № 16 “Наристе” балдар бакчаларынын ай сайын төлөнүүчү ата-энелердин төлөмдөрүнүн азык-түлүктөргө болгон баасынын көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрү 2022-жылдын сентябрь айынан 700 сомдон 1000 сом өлчөмүнө чейин көтөрүлүп бекитилсин.
3. № 22 “ Гүлкайыр”, № 46 “Гүлзар”, № 17 “Бостон”, № 21
“Кызгалдак”, № 49 “Таштак”, № 16 “Наристе балдар бакчаларынын кызматкерлеринин күнүмдүк тамак-ашы үчүн 30 (отуз) сомдон бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык меселелер бюонча туруктуу комиссиясына, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И Абдыразак уулу |